Кыргызстан Россиядан эң көп сатып алган 3 товар

Бизнесу нужен калькулятор? Создайте в uCalc!
22 Просмотры
Издатель
Кыргызстан Россиядан 8 ай ичинде 1 миллиард 100 миллион доллардан ашык суммага товар сатып алганын Улуттук статистика комитети билдирди. Өсүмдүк майы эң популярдуу азыктардын тизмесине кирип, үчүнчү орунду ээлеген. 8 айда сатуулардын көлөмү 21 миллион доллардан ашкан. Экинчи орунга болоттон жасалган курулушта колдонулуучу таякчалар чыгып, 81 миллионго сатылып алынганы айтылды. Ал эми Кыргызстан Россиядан алган негизги товар — күйүүчү май экени аныкталган. Сатуулардын көлөмү 358 миллион долларды түзгөн. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Россия Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө.
Категория
Бизнес
Комментариев нет.